Кыргыз Республикасынын Сот департаменти НТС телеканалынын айланасындагы абал боюнча маалымат таратты. Анда Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2017-жылдын 19-декабрында чыгарылган аныктамасынын негизинде "Grexton capital LTD" компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылат.
"Басып алуу боюнча эч кандай сөз жок. Кабыл алынган соттун аныктамасында төмөндөгүлөр каралган.
а) Сактоону камсыз кылуу жана башка жакка өтүп кетишине тыюу салуу максатында НТС телеканалынын мүлктөрүн камакка алуу;
б) Мүлктү ишеним боюнча жооптуу адамга өткөрүп берүү.
Бүгүнкү абалда мүлктөрдү жооптуу адамга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү каралган. Ошондой эле мүлктөргө зыян келтирүү же сатуу боюнча жоопкерчилик эскертилмек. НТС телеканалынын жетекчилиги менен келишилген сүйлөшүүгө ылайык, соттун аныктамасын аткаруу 20-декабрга жылдырылды", - деп билдирди Сот департаментинин пресс катчысы Назира Сагыналиева.
Айта кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.