Быйыл Кыргызстанда 10 ай ичинде 2872 өрт кырсыгы катталды

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча 2012-жылдын январь айынан тартып 1-ноябрга чейин 2872 өрт кырсыгы катталып, мамлекетке 203 миллион сом зыян алып келген. Кырсыктан 62 адам каза тапса, анын ичинен 9у жаш балдар. Ал эми өрттөн 61 адам жабыркап, 63 адам куткарылды. Былтыр өлкө боюнча 3276 өрт кырсыгы болуп, мамлекетке келтирилген зыян 172 миллион сомду түзгөн. Жалпы 67 адам каза таап, жаш балдардын өлүмү 15 болгон. Өрттөн былтыр 45 адам жабыр тарткан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан