37 жаштагы Ренат Түлөбердиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды (өмүр баяны)

Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп Ренат Түлөбердиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Дүйшөнбек Зилалиев ээлеген.

Түлөбердиев Ренат Темирбекович Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылында 1980-жылдын 25-октябрында жарык дүйнөгө келген. Жогорку Билимдүү, 2001-жылы Туризм академиясынын менеджмент адистигин аяктаган.

Эмгек жолу

  • 2000-2001-жылдары “Пери” ишканасынын аткаруу директору.
  • 2005-2006-жылдары Менеджер, №1 мамлекеттик резиденциясынын бөлүм башчысы.
  • 2006-2009-жылдары өндүрүш бөлүмүнүн референти, башчынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.
  • 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти.
  • 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын долбоорлоо кызматынын эксперти.
  • 2010-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын №1 мамлекеттик резиденциясынын директорунун орун басары, директор.
  • 2014-2016-жылдары Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулу.
  • 2016-жылдын 26-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан