Сооронбай Жээнбеков: "Кыргыз жарандары өз үйлөрүндө өздөрүн коопсуз сезип, камырабай жашашы керек"

“Кылмыштуулукка каршы күрөштү басаңдатууга болбойт, Кыргыз жарандары өз үйлөрүндө өздөрүн коопсуз сезип, камырабай жашашы керек”. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда Коопсуздук кеңештин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаевди, президенттин аппаратынын орун басары Алмамбет Салиевди, президенттин кеңешчилери Жеңиш Разаков менен Асылбек Кожобековду кабыл алууда айтты.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда Коопсуздук кеңештин катчылыгынын ишмердигинин негизги багыттары, Коопсуздук кеңештин 2018-жылга иш планы талкууланды.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин мурда кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгып, алардын аткарылышына баа берүүгө милдеттендирди. Андан сырткары мамлекеттик түзүмдөр тарабынан мыйзамсыз аракеттер тууралуу жарандардын кайрылууларына жана арыздарына ыкчам жооп берүү зарыл экендигине өзгөчө көңүл бурду. “Бир дагы арызга мамлекеттик органдар тарабынан көңүл бөлүнбөй калбашы керек”, - деди Жээнбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан