Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болсо экономика тармагын тейлейт

Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болсо экономика тармагын тейлейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.

Комитет жыйынында вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жатат. Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Муканбетов кайсы тармакты тейлей турганын сурады.

Шадиев: "Муканбетов мурунку вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов тейлеген экономика тармагын тейлейт. Анын ичинде инвестиция жана туризм тармагы боюнча иш алып барат", - деди.

Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.

Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан