Массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-январда аяктайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди.
"Учурда Канат Исаевдин ишин тергөө жүрүп жатат, баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-январда аяктайт. Иши сотко өткөрүлөбү же дагы мөөнөтү узартылабы ошондо белгилүү болот", - дейт жактоочу.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү Канат Исаевге "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.
Андан сырткары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган.