Кочкордо окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан мектептин курулуш каражаттарына жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Туз айылдык орто мектебинин курулуш каражаттары адамдын ден соолугуна зыянсыз. Мындай кабарды SUPER.KG'ге Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Улан Өзүбеков экспертизалардын жыйынтыгына таянып билдирди.

Буга чейин аталган айылда жайгашкан Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектептин окуучулары эсин жоготуп жыгылып жаткандыгы жана окуучулар арасында башы ооругандар көбөйүп кеткендиги маалымдалган.

"Мектептин курулуш материалдары адамдын ден соолугуна коркунучсуз деген экспертизанын жыйынтыгы келди. Мындан кийин райондун жетекчилиги мектеп жайгашкан жердин жер кыртышы окуучулардын ден соолугуна зыяны жокпу деп текшерип берүүсүн өтүнүп керектүү органдарга кат жолдодук. Учурда алардын жообун күтүп жатабыз", - деди Өзүбеков.

Андан сырткары ал учурда мектепте кадимкидей эле сабактар өтүлүп жатканын, окутуу процесси үзгүлтүккө учурабагандыгын айтат. Аталган мектеп жайгашкан жер мурда мүрзө болгонун, балдардын абалына ошол таасир берет деген пикирлер жергиликтүү тургундар тарабынан айтылып келгени маалымдалган.

Ал эми мектеп 2005-2006-жылдары Корея тарабынан жардам иретинде курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurbollot
2018-01-24 17:32:35
Мазардан бөлөк жерге эле курбаган экен
+5
jbolotov
2018-01-24 18:51:47
Курулуш материалдарынан эмес экен деп жазып беришсе керекда. Европа олколору толгон токой мурзолордун устундо эле эси ооп жыгылбай жашашатко.
+2
Taku.14.02
2018-01-24 19:07:19
Коп жерлерде мазардан четине мусор тогуп башташканда андан коро турттуруп жакшы ой менен мектеп мечит салдырып атат. Жакында да Бишкектин мурзолорду туртуп мечит салабыз деп ататго ато элдердин токкон мусору мурзолорду аралап кетиптир
+1
nargiz94
2018-01-25 00:58:46
Бул теманы окуп бир кыргызчылыгы бар эженин айтканын эстеп кеттим. Маршрут мн кетип баратып эле бир жрге келгенде эле бироо муунткандай болуп эле эсимди жоготуп барып, аран озумо келем деп. Шаардын четиндеги жаны конуштарда жашайт, дайыма ошол жерге келгенде ошентет экен.
0
nargiz94
2018-01-25 00:59:48
Кийинчирээк ошол жер мурда мурзо болгоун билип калыптыр. Мындай нерселерди коп эле угам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан