Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда омуртка хирургиясы жана муундарга операция жасаганга ылайыкталган залдар ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, жаңы курулган операциялык эки зал бүгүн, 30-январда ачылды. Биринчи залда омурткаларга операция жасалат, ал эми экинчи зал чоң муундарга (жамбаш, тизе, ийин, чыканак) операция жасаганга ылайыкташкан.
"Кабыл алуу бөлүмү менен операциялык 2 залды салууга Бишкек шаардык мэриясы көмөк көрсөткөн. Керектүү заманбап жабдууларды Саламаттыкты сактоо министрлиги камсыздап берди. Ал эми залда биринчи операцияны профессор Сабырбек Жумабеков жасады", - деп айтылат маалыматта.