Райондук сот депутат Канат Исаевди дагы бир айга камакта калтырууну чечти

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди дагы бир айга камакта калтырды. Мындай чечимди райондук сот 26-январда кабыл алганын анын кызы Бермет Исаева бүгүн, 30-январда SUPER.KG'ге кабарлады. Сот отуруму жабык өткөрүлүп, ага Исаевдин жакындары катыша алышкан эмес.

"Баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-январда аяктамак. Бирок райондук сот 26-январда эле карап чыгып, тергөө иштери аягына чыга элек болгондуктан камакта калуусун 28-февралга чейин узартып койду", - деди кызы Бермет.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү Канат Исаевге "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Андан сырткары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул эместигин билдирип, анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан