Бүгүн, 31-январда Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Корея Республикасынын президенти Мун Жэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыздын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.
“Чоң Ва Де” хансарайында өткөн иш-чарада элчи менен президент эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.
“Кыргыз жери ажайып кооз жаратылышы менен даңкталат. Жылдан жылга Кореядан Кыргыз өлкөсүнө баргандардын саны көбөйүп жатат. Бул эки тараптуу кызматташтыктын өсүшүнүн дагы бир жагымдуу көрсөткүчү”, - деди Мун Жэ Ин.
Ошондой эле ал мындан 80 жыл мурун Орто Азия өлкөлөрүнө кыйнап көчүрүлгөн этникалык корейлердин отурукташтыруу мезгилинде кыргыз элинин жылуу кабыл алгандыгын Корея Республикасы ушул кезге чейин жогору баалай тургандыгын кошумчалаган.
Өз кезегинде элчи Кылычбек Султан Корея Республикасы Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатында маанилүү орунга ээ экенин белгилеп, Кыргыз тараптын мындан ары да алаканы жогорку деңгээлге чыгаруу ниетин айтты.
Кореянын мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн корей тарап болгон күчүн жумшай турганын айтып, Кылычбек Султанга Корея Республикасындагы элчилик кызматындагы ишине ийгиликтерди каалады.