“Бизде дагы кыш мезгилинде түнкүсүн арзаныраак, күндүзү кадимкидей тарифти киргизүүнү караштырууну сунуш кылам. Муну менен экологиялык, экономикалык жактан да пайдалуу болуп, калкка дагы жардам болот эле”,- дейт Бекешев.
Белгилей кетсек, 23-январда Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев келечекте энергетикалык жетишсиздик жаралбашы үчүн тарифти жогорулатуу керектигин айткан.
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү жагын караштырууну сунуш кылды. Эл өкүлү электр кубатына болгон тарифтер боюнча дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө кандай тажрыйбалар колдонуларын иликтеп чыкканын айтты. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдө өзгөрүлмө тарифтер колдонулат.