Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Кечээ, 1-февралда Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен алгач тар курамда, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек араны коргоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков тар курамда эки тараптуу көптөгөн маселелерди талкуулагандыгын жана алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкендигин айтты. “Көпчүлүк түйүндүү маселелер боюнча пикирлерибиз жана позицияларыбыз төп келгени кубандырат. Эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттарын жандандыруу үчүн эки тараптуу механизмдердин ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Бул жагынан алганда эки тараптуу маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия, Мамлекеттер аралык координациялык кеңеш туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Элибиз көптөн бери мамлекеттик чек араны делимитациялоону аягына чыгарат деп күтүп жатышат. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди чечүү жана тиешелүү макулдашууга кол коюу чек ара районунда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү фактор болуп калат”, - деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков ушуга байланыштуу өкмөттүк жумушчу топтордун ишин жандандыруу жана жакын арада Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын чечмелеп чийүүнүн укуктук негиздерин биротоло макулдашуу үчүн жолугушуу өткөрүү керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон бир катар документтерге кол коюшту.

Кыргыз өкмөтү менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык программасы;

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Тажикстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстандын президентине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы мамлекеттик мекемелеринин ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз-Тажик Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программа;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча комитеттин ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу;

2017-2020-жылдары Баткен облусу менен Тажикстандын Согдий облусунун ортосунда коңшулаштык өз ара мамилелерди жана достукту чыңдоо боюнча кызматташуу планы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан