Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина 1968-жылдын 2-февралында Фрунзе шаарында туулган. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн. 1995-жылы аталган окуу жайдын №1 Акушердик жана гинекология кафедрасынын базасындагы клиникалык ординатураны акушер-гинеколог адистиги боюнча аяктаган.
- 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун физиология кафедрасында лаборант;
- 1995-2004-жылдары №2-бейтапканада акушер-гинеколог дарыгери;
- 2004-2014-жылдары №6-Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери;
- 2014-жылдан тартып саламаттыкты сактоо ишин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, Кыргыз-орус университетинин доценти;
- 2015-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун илимий кызматкери;
- 2015-жылдын 1-апрелинен 3-декабрга чейин аталган борбордун директорунун орун басары;
- 2015-жылдын 4-декабрында КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп келген.
2-февралга карата жылнаама.