"Кыргызстан" фракциясы электр энергия тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маселени карайт

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Жыйындын күн тартибинде 2 маселе коюлган. Анда электр энергия тармагындагы көйгөйлөр жана көрүлгөн чаралар тууралуу маселе талкууланат. Баяндаманы "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын директору Айбек Калиев жасайт.

Мындан тышкары уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларга байланыштуу иштин жүргүзүлүшү жөнүндө каралат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов баяндама жасайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан