Биз социалдык тармакта

Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат тапшырыла турганы дале белгисиз

Насыр МусаевКаза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат тапшырыла турганы дале белгисиз.

Бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, аталган комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүшкөн. "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде депутаттыкка кезекте турган Насыр Мусаевдин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөттүк. Жооп келгенден кийин БШК ага мандат тапшыруу чечимин кабыл алат", - деди Бекматов.

Эске салсак, буга чейин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев жана "Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнүн айтышкан.

19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан