"Кемин районундагы "Талды-Булак сол жээк" алтын кенин иштеткен "Алтынкен" кыргыз-кытай биргелешкен компаниясынын ишине жергиликтүү тургундардын көбү нааразы болуп жатат", - деп бүгүн, 7-февралда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинин былтыр өткөн көчмө жыйынынын чечимдеринин аткарылышы боюнча маалымат угулду.
Жамангуловдун айтымында, тармактык комитеттин көчмө жыйынында бир катар тапшырмалар берилгенине карабастан аталган ишкананын ишине нааразычылыктар көп болууда. "Ушул мезгил аралыгында жергиликтүү тургундардан жүздөн ашык кат келди. Мага эле эмес, башка депутаттарга да кат келип жатат. Келишим боюнча, жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү калктан, ал эми 10 пайызы кытай тараптан алынышы керек болчу. Мындай талап азыркыга чейин аткарылган жок. Кытай жумушчуларынын маянасы 2-3 эсе жогору экен. Акция үлүшүнүн 40 пайызына ээ "Кыргызалтын" компаниясынын жетекчилиги да маселе чечкен жок. Алар өздөрүнүн тааныштарын жумушка орноштуруп жатыптыр", - деди депутат.
Жыйынга "Алтынкен" компаниясынын, "Кыргызалтын" компаниясынын, Социалдык фонддун, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Кемин районунун акими жана Орловка шаарынын мэри катышты.