Жанар Акаев: "Коррупционерлер менен күрөшкөн Салянованы жазага тартуу адилетсиз"

"Коррупционерлер менен күрөшкөн Аида Салянованы жазага тартуу адилетсиз", - деп бүгүн, 7-февралда журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Жанар Акаев Салянова коомчулукка үлгү катары көрсөтүлө турган адам экенин айтты. "Салянова убагында коррупционерлер менен күрөшкөн, мыкты башкы прокурор болгон. Ал коомчулукка үлгү катары көрсөтүлө турган киши. Ошолорду дагы жок кылабыз деп жатышат. Коррупционерлерди камаган адам жазага тартылып жатат. Аида Салянованын үстүнөн уурулар күлүп жатышат да. Ушундай болсо коррупция менен ким күрөшөт? Парламентте бийликти сындаган он чакты эле депутат калды. Жогорку Кеңеште сүйлөбөй турган адамдар калыш керек окшойт. Жаңы президент келди, эми ал саясий куугунтуктарды токтотсо жакшы болмок. Салянованы лицензия берип коюпсуң деп жазага тартып жатышканы адилетсиз", - дейт Жанар Акаев.

Эске салсак, бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

Бишкек шаардык соту Саляновага чыккан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан