Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу тармагы болуп саналат, калкты жумуш орундары менен камсыздайт. Ошондуктан бул тармак кичи шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле жер-жерлерде эмгек ресурстарын бекемдөөгө көмөк болушу керек”, - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык сынак жана аукцион өткөрүү жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарууга болорун белгиледи. Президент инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү зарылдыгын айткан.
"Кен иштетүүчү компания экологиялык коопсуздук нормаларын сактап жатабы же жокпу – муну адис-экологдор гана так аныктай алат. Бул маселени саясатташтыруунун кереги жок. Кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгү республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кен байлыктар элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек", - деди президент.
Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине компаниянын аймагындагы айлана-чөйрөгө көз салуу үчүн жергиликтүү калктын өкүлдөрүн тартуу, объекттерге көбүрөөк чыгуу, компаниялардын ишмердүүлүгүн тыкыр изилдөө жана жергиликтүү калк менен тыгыз иштешүүнү сунуштады.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргыз жергесинде 9 алтын кени иштетилип жатат, дагы бешөөнү ишке киргизүү пландалууда.