Бүгүн, 8-февралда өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына арналган Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция мамлекеттүүлүккө, коопсуздукка шек келтирген жагдай экенин айтты.
"Коррупция менен күрөшүү - өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш - мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете.
Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик органдар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат", - деди Жээнбеков.