Сооронбай Жээнбеков "Бишкекте жана Ошто казино, кумарканалар бүгүн да иштеп жатат" дейт

Бүгүн, 8-февралда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Бишкек жана Ош шаарларында казино, кумарканалар бүгүн да иштеп жатканын айтты. Президент укук коргоо органдары калкалап, ал жерден айрым жарандар мыйзамсыз киреше таап жатканын айтты.

"Бүгүн да Бишкек, Ош шаарларында казинолор иштеп жатат. Ал жайларда кимдир-бирөөлөр мыйзамсыз киреше таап жатат. Мамлекетке бир тыйын да киреше түшкөн жок. Укук коргоо органдары ага чара көрүп, мыйзамдагыдай жабылган жок. Мен далилдеп бере алам", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан