ЖЫЛНААМА, 12-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев 48 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы 12-февралда туулган. Ал 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу;

1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1988-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары;

2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажёр-жардамчысы;

2001-жылы Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажёру;

2001-2005-жылдары Нарын облусунун Кочкор районунун прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы;

2005-2007-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы;

2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;

2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;

2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин Vl чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

14-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан