КСДПнын курултайы февраль айынан апрелге жылдырылды

КСДПнын курултайы апрель айында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов билдирди.

"Партиянын курултайы качан өтө турганын так айта албайм. Болжол менен апрель айында өтөт. Эмне маселе талкуулана турганы боюнча партиясынын саясий кеңеши чечкенден кийин белгилүү болот", - деди Аманкулов.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги карала турганын билдирген.

КСДПнын жыйыны декабрь айында өтө турганы айтылган. Андан кийин январь айында өтөт деген маалыматтар жарыяланган. Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов съезд февраль айында өтө турганын айткан.

Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан