"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев мыйзамсыз түрдө 2 миллион сом ыйгарып алды деп кармалган Жогорку Кеңештин кызматкери тууралуу маселени кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда парламент комитетинин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңештин кызматкери пара алып кармалды деген маалыматтар чыгып жатат. Биздин комитет бул боюнча карап чыгуусу керек", - деди Масалиев.
Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени карап көрүү керектигин айтты.
Айта кетсек, УКМКдан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.