Бүгүн, 14-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген мекемелер аралык комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Кырсык "Электр станциялары" ишканасы жана ЖЭБдин жооптуу адамдары кетирген одоно эреже бузуудан келип чыкканы айтылды.
ЖЭБдин тийиштүү кызматкери суу сакталган жайдагы тузсуз суунун өлчөмүн жетекчилик менен макулдашпай туруп азайтып жиберип, бул иштин аягы аварияга алып келген. 24-январдан тарта суу 1,5 эсе көп колдонулган. 30 градус суукта суунун деӊгээлин өлчөөчү жабдыктар тоӊуп, насостор иштен чыккан. "Тийиштүү кызматкер тазаланган тузсуз суу берген жабдыктын ишиндеги мүчүлүштүктүн себебин өз убагында аныктай алган эмес. Ар бир цехтин кызматкери өз алдынча эле иштеп, авариялык кырдаалда ишти жалпы координациялоо жүргүзүлгөн эмес", - деп айтылат жыйынтыкта. Тышкы түтүктөрдүн, автоматтардын да тоӊуп, жарылышы абалды оорлотуп жиберген. Анткени ЖЭБдин жаңылоодон өтпөгөн бөлүгү өзү жылытууга муктаж абалда болгон, терезелери сынган, туш-тарабынан шамал үйлөгөн абалда. Даяр турган 3-блокту иштетүүгө да тузсуз суу жетишсиз болуп чыккан. Кыскасы, алдын ала иликтөөлөр боюнча ЖЭБдин жамааты, жабдуулары жана имараты 30 градус суукка даяр эмес болгон. Бул кырсыктын техникалык себептери.
Бишкек суукта калганда 386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБдин жаӊы бөлүгүн ыкчам ишке киргизүү мүмкүн болгон жок. Авариядан кийин Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рыспаев даяр турган 3-блокту дароо иштетүүгө мүмкүн болбогонун, анткени ага ЖЭБдин эски бөлүгүнөн суу тартып келүүгө убакыт кеткенин айтып чыкты. Эмне үчүн 386 миллион доллар жумшалган ЖЭБге химиялык блок курула элек? "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиев аны "убагында долбоорго кирбей калыптыр" деп түшүндүрдү. Армения 285 миллион долларга 250 МВт кубаттуулуктагы жаӊы ЖЭБ курууда. Тажикстан 350 миллион доллар жумшап "Душанбе-2" ЖЭБинин кубаттуулугун 300 МВТга көбөйттү. Ал эми Бишкек ЖЭБи 386 миллион долларга жарым-жартылай жаӊыланып, жаңыланган бөлүгүн иштетүү үчүн суу берүүгө химиялык блогу жок болуп чыкты. Көрүнүп тургандай, 386 миллион долларга жаӊы ЖЭБ курууга мүмкүнчүлүк бар эле. Эксперттер 386 миллиондун тегерегинде ири коррупция бар деп жатышат. Акча кандай жумшалганын Жогорку Кеӊеште түзүлгөн депутаттык комиссия изилдөөдө.
Бишкек ЖЭБи 1961-жылы ишке берилген, жабдуулары эскирди. Бишкектин, дегеле бүткүл өлкөнүн СССРден калган инфраструктурасы эскирди. Бүгүн ЖЭБ болсо, эртеӊ башка тармактын авариялары өлкөнү оор абалга кептеши толук мүмкүн. 1962-жылы ишке киргизилген Токтогул ГЭСи 104 миллион долларга жаӊыланууда. Бул ГЭСте да абал оор экенин 2015-2016-жылдардагы авариялар ачыктаган. 104 миллион доллар кайсы иштерге кантип жумшаларын алдынала тактап, көзөмөлдү күчөтпөсө, Бишкек ЖЭБинин окуясын Токтогул ГЭСи кайталап, миллиондор кайда кетти эле, кантип сарпталды эле, эми ким жооп берет деген суроолорду жаратышы толук мүмкүн...
Экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин 100 кызматкерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик казынадан 324 миӊ сом жумшалганы жатат. Бул боюнча Каржы министрлиги тендер жарыялады. Тил үйрөтүү курсу 3 айды түзүп, министр Новиков үчүн эле 36 миӊ сом каралууда. Чиновник Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасына ылайык тил үйрөнгөнү жатканын тастыктап, эгер коомдо нааразычылык жаралса андан баш тартам дейт.
Кыргыз өлкөсүндө Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн экономиканы өнүктүрүүсү керек болгон чиновник жана анын жоон топ командасы салык төлөөчүлөрдүн жүз миңдеген акчасын коротмокчу. Бюджет тартыштыгына шылтоолонуп өлкөдө жасалбай жаткан иштер көп. Мисалы, капиталдык оӊдоого же жаӊы курууга муктаж, бирок 2018-жылдын бюджетине кирбей калган мектептерди четтен санаса болот. Өлкөдө 2014-жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштөөдө. Бул үчүн жылына орточо 200 миллион сом бөлүнөт. Ошого карабай мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалыматы боюнча азыркы тапта министрликтерде иш кагаздарынын 85 пайызы орус тилинде жүргүзүлөт.
Миллиондогон акча кантип жумшалып, кандай жыйынтык берип жатканы такталбай турган маалда Ирина Карамушкина өӊдүү парламент депутаттары орус тилине мамлекеттик тил макамын берүүнү сунуштап жүрүшөт. Эмне үчүн Новиков, ал жетектеген министрликтеги 100 адам мамлекеттик тилди өз алдынча эмес, салык төлөөчүлөрдүн эсибинен үйрөнүшү керек? Жакынкы күндөрү эле Бишкек шаардык мэриясы 700 миң сомго кол сааттарды сатып алмакчы болуп коомчулуктун каарына калган. Албетте, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен сатып алмакчы болгон. Эми Экономика министрлиги кайра эле салык төлөөчүлөрдүн эсебинен мамлекеттик тилди, ар бир кызматкер, ар бир чиновник билүүсү шарт болгон мамлекеттик тилди үйрөнмөкчү. Мамлекеттик мекемелерге салык төлөөчүлөрдүн акчасын өлкө кызыкчылыгы үчүн так жана адилет сарптоо деген сабак өтүү керекпи?..
Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев өӊдүү парламент депутаттары өлкөдө соттор жөнүндө мыйзамдын аткарылышын талкуулоону сунуштап чыгышты. "4-5 оппозиционерди түрмөгө отургузуп, 4-5 журналистти айыпка жыкканына соттор сүйүнбөшү керек”, - дешет парламентарийлер. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун жогорку мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо аракетине Жогорку Кеӊеш жардам бериши зарыл дешүүдө. Демилге Жогорку Кеӊеште кеңири колдоо тапкан жок. Бул маселенин качан каралары да айтылган жок.
8-февралда Коопсуздук кеӊешинде президент УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана сот органдарын коррупциядан тазалоо зарыл деген демилге көтөргөн.
13-февралда президент Жээнбеков Коопсуздук кеӊешинин чечимине кол койду. Аны менен УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол жана Жогорку Соттун жетекчилерине жаӊы милдеттер жүктөлдү. Алсак, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана Финполдун төрагасы Замирбек Осмоновго сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык иштерди аныктоого багытталган иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Жээнбеков жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде кызматтык кылмыштар, коррупция жана мамлекеттик, муниципалдык менчикти ири өлчөмдө уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн соттолгондорду эркинен ажыратуу менен гана жазалоону сотторго сунуштады. Ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган сот, прокуратура жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери сот процесси бүткүчө камакка алынып, үй-мүлкү конфискацияланышы керектигин айтты. Башкы прокурорго 2018-жылдын 1-июнуна чейин кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча бардык кылмыш иштерин инвентаризациялоо, негизсиз токтотулган, убактылуу токтотулган иштердин себебин аныктоо тапшырмасы берилди.
Президенттик шайлоонун алдында Жээнбеков "коррупцияга малынган адамдар эч качан коррупция менен күрөшө албайт. Мен күрөшөм, анткени тазамын" деген. Өлкөдө коррупция боюнча суракка алына турган 35 адамды билээрин, алардын бири Өмүрбек Бабанов экенин айткан. Жээнбековдун УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана сот тармагын коррупциядан тазалоо аракети коомчулук тарабынан тегиз колдоого алынып жатат. Ушул эле органдар 2017-жылы Жээнбековдун президент болуп шайланышына кызмат кылган. Алдыдагы күрөш - президент Жээнбековдун саясий эркин сынайт. Тамырлап жайылып кеткен коррупцияны жактап, тазаланууга бут тоскон күчтөр сөзсүз чыгат. Президентке керек болсо өзү отурган бутакты кыюууга туура келиши мүмкүн. Оң жыйынтык Жээнбеков "Сократ менин досум, бирок чындык баарынан кымбат" десе гана көрүнөт...
Бишкекте милиция кызматкери жарым килограмм баӊгизат менен кармалды. ИИМдин Тергөө кызматы жана Баӊгизаттарга каршы мамлекеттик кызмат кылмышка шектүү катары анын 2 шеригин да кармап, учурда тергөө жүрүүдө. Мындан 2 ай мурда Улуттук гвардиянын "Пантерра" атайын бөлүгүнүн майору 60 грамм баӊгизат менен кармалган.
Укук коргоо органдарында жана күч түзүмдөрүндө иштегендер баӊгизат менен көп кармалышат. Расмий маалыматка таянсак, 2016-жылы Кыргыздын укук коргоо органдары тарабынан 166 килограмм героин колго түшүрүлсө, 2017-жылы болгону 101 килограмм кармалган. Бул тармакта абал оӊолгонубу же мыйзамсыз баңгисоода күч алганынын белгисиби? Баӊгизатка каршы күрөшүүчү органдардын өкүлдөрү өздөрү баӊгизат бизнесин калкалап, аралашып жүргөнү жашыруун эмес. Бекеринен 2017-жылы Кыргыз-Казак кризисинен улам чек ара жабылганда Казакстандын өкмөт башчысы Кыргыз тарапты чек арадан аткезчилик жол менен баӊгизат өткөрүп жатат деп айыптаган жок. Казак тараптын айыптоосун далилдеп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ири өлчөмдө баңги заты менен кармалганы улам жарыяланууда. Тийиштүү кызматтар мыйзамсыз баңгибизнеси менен күрөшпөй эле өздөрү ал иш менен алектенип кетишкен эмеспи?..