Парламент: Жанар Акаев Алай элинин негизги көйгөйлөрүн айтты

Депутаттар өткөн аптада шайлоочулар менен жолугуп кайтышкан. Жанар Акаев Алайдын жашоочулары менен жолугушкан, алардын талабын бүгүн, 15-февралда өкмөткө жеткирди. Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы мектеп коооптуу абалга келгендиктен, эл аны быйыл жаӊылап курууну суранып жатышат. Ал эми Биринчи Май айылы таза сууга муктаж. Өкмөт суу түтүктөрүн жаӊылоону баштаса, жардам берүүгө эл даяр экенин айтышкан жашоочулар. Ал эми Жошолу айылындагы дыйкандар арзан жана узак мөөнөттө төлөөгө айыл чарба техникаларын жеткирип берүүнү өтүнүшкөн.

Жанар Акаев өкмөт бул маселелерге тез арада көӊүл бурушу керек деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан