Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров депутат Камчыбек Жолдошбаевдин "коомдук транспорт менен жүргөн депутаттардан уялам" деген сөзү боюнча пикирин айтты.
"Кыргыз мамлекети парламенттик-президенттик башкарууда жашап жатат. Ар бир кеңештин өзүнүн макамы бар. Жергиликтүү кеңеш, Жогорку Кеңештин мыйзамы бар. Депутат Камчыбек Жолдошбаев эл өкүлдөрүн кызматтык унаа менен камсыз кылуу боюнча сүйлөгөн сөзү мыйзамдардагы ченемдерге туура келет. Биз кызматтык унаалардан баш тартуу боюнча токтом кабыл алганбыз. Бирок бул маселе боюнча мага да кайрылган депутаттар бар. Айрым депутаттардын арасында транспортко муктаж болгондор бар. Кызматтык унаа мыйзамда так көрсөтүлгөн ченем. Бул парламенттин аброю. Мен маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып кетким келет. Камчыбек Жолдошбаев туура маселени көтөргөн", - деди Мирлан Бакиров.
Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.