Сапар Исаков: "Лейлектеги газ биздики, бирок жаӊжал чыгып кетпеши керек"

"Лейлек районунда өндүрүлүп жаткан жаратылыш газы Тажикстанга чыгарылып жатат", - деп билдирди Жогорку Кеӊештин 15-февралдагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев. Депутат өкмөт бул боюнча кандай иш жүргүзүп жатканын сурады.

Премьер-министр Сапар Исаков бул жеӊил маселе эместигин айтып: "Бир эле туура эмес кадам жасалса, жаӊжал чыгып кетиши мүмкүн. Менин тапшырмам боюнча Аскар Алимбаевич (ред. биринчи вице-премьер Шадиев) 3-4 жолу жабык жыйын өткөрдү. Сөздүн ачыгы, бул маселе жакын арада чечилбейт. Бул өтө оор маселе", - деди.

Тиллаев ал жердеги газ Кыргыз өлкөсүнүн байлыгы экенин баса белгиледи.

Өкмөт жетекчиси: "Ооба, биздин байлыгыбыз. Бирок согуш чыгып кетпеши керек", - деген жооп узатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан