15-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары сүйлөшүүнүн башында эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнө 25 жыл болгонуна карата куттуктоолор менен алмашты. Бул убакыттын ичинде эки боордош элдин ортосунда достук жана ынтымак мамилелеринин бекемделгени айтылды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер жогорку деңгээлдеги иш сапарларда бекитилген келишимдерди өз убагында ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилешти. Мындан тышкары эки тараптуу жана көп тараптуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Аягында Шавкат Мирзийоев жана Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн кызыкчылыгында достук, ынтымак жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары бекемдөө багытында иштей турганын билдиришти.