Шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоо эрежелери өзгөртүлдү. Буга багытталган мыйзамга мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан15-февралда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жергиликтүү шаар мэрлеринин жана айыл өкмөт башчыларынын көп убакытка чейин шайланбай калышынан келип чыккан терс кесепеттердин таасирин азайтууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.
Кабыл алынган мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына шайлоо маселесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунун сандык көрсөткүчү жалпы депутаттардын саны - “кеминде үчтөн экиси” дегенден “көпчүлүгү” деп алмаштырылды. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына шайлоого жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышса, шайлоо мыйзамдуу болуп эсептелет деген ченем киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.