Тышкы иштер министрлиги Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен дагы үч Кыргыз жараны кармалганын айтты. 17-февралда Казак маалымат каражаттары кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты бар экенин тастыкташкан болчу.
"Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты жана Кыргыз жарандары боюнча казак тараптан маалыматтар алынды. Анда 15-февралда Казакстандын аймагында төрт Кыргыз жараны кармалганы айтылат. Учурда Тышкы иштер министрлиги Казакстандын компетенттүү органдары менен алардын кармалышынын себептери боюнча тийиштүү жумуштарды алып барууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалганы айтылган. Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу, Казак өлкөсүнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция иш жүзөгө ашкан. Атайын операциянын жыйынтыгында 29 шектүү адам кармалган.