ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев 58 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев 1960-жылы 19-февралда Ош облусунун Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында туулган. Ал 1986-жылы Фрунзе политехникалык институтунун өндүрүш жана жарандык курулуш факультетин бүтүргөн. Ал эми 2011-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтун бүтүрүп, юрист адистигин алган.

- 1980-жылы Нарын ГЭСинде, "Киргизглавэнерго" ишканасында кызматкер;

- 1986-1991-жылдары CССР түстүү металдар министрлигине караштуу Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводунда инженер, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы;

- 1991-1995-жылдары Кара-Көл шаарындагы "Скорпион" жол курулуш фирмасынын директору;

- 1995-2001-жылдары Кыргыз-Беларусь биргелешкен "Неман" аттуу компаниянын жетекчиси;

- 2001-2004-жылдары "Неман-Холдинг" ЖЧКнын башкы директору;

- 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;

- 2007-2009-жылдары КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;

- 2010-2011-жылдары Энергетика министри;

- 2011-2012-жылдары "Кыргызалтын" ААКнын башкармасынын төрагасы;

- 2012-2013-жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

- 2013-2014-жылдары Энергетика жана өнөр жай министри;

- 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

19-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан