Жогорку Кеңештин комитети мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин пенсиясын көтөрүүнү өкмөттүн каршы болгонуна карабай жактырды

19-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатууга байланышкан мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен кошумча 1 миллиард 140 миллион сом талап кылына тургандыктан өкмөттүн каршы болгонуна карабай депутаттар жактырды.

Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечиси Тазабек Икрамов мугилимдердин жана медицина кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатуу учуру келгенин айтып, ал үчүн өкмөт каражат тапса болорун белгиледи.

Депутат Жанар Акаев кесиптешинин айтканын колдоого алып акчаны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жумшабай, аны социалдык кызматкерлердин абалын жакшыртуу үчүн жумшоо натыйжалуу боло турганын айтты.

Талкуу соңунда комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова гана каршы болсо, башка депутаттардын макулдугу менен мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан