Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочулары менен жолугушат. Ошондой эле президент Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат.