Жолдошбек Жунушев "Кыргыз көмүр" ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Жолдошбек Жунушев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 20-февралда өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгонун SUPER.KG'ге аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жаңы жетекчини кызматка дайындалгандан кийин ишкананын жамааты менен комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов тааныштырып, ишкананын кызматкерлеринин астына бир катар тапшырмаларды койду.

Аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Мырза Жаманбаев өлкөнүн күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын жетишсиздигинен улам 2017-жылдын октябрь айында кызматынан бошотулган.

Жолдошбек Жунушев 1972-жылы 22-июнда төрөлгөн.

Эмгек жолу:

1997-1999-жылдары - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору;

1999-2000-жылдары - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын салык жыйноо жана салык төлөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

2000-2001-жылдары - Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын жергиликтүү салык жана салык жыйноо бөлүмүнүн башчысы;

2001-2003-жылдары - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Мамлекеттик салык инспекциясынын сырткы көзөмөл бөлүмүнүн башчысы;

2003-2004-жылдары - Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык инспекциясынын салыкты көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору;

2004-2013-жылдары - бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдордо жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2017-жылдын 15-январында Бишкек шаардык кеңешке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан