Бүгүн, 21-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин Свердлов райондук соту "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээси Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга соттоду. Ошондой эле Ким доогер Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө тийиш. Жарандык коом ЖМК өкүлдөрүнө басым жасоо уланып жатканын билдирүүдө.
Жакында Финпол журналист Элнура Алкановага "жашыруун маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" деген беренелер менен кылмыш ишин ачты. 2017-жылы Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасындагы 48 коттедждин сатылышы боюнча Алканованын журналисттик иликтөөсү жарыяланган. Анда бул шаарчаны аукциондо Сапар Исаковдун классташы Темир Рыскулов баштапкы баадан 100 миллион сомго арзан сатып алганы, буга өкмөт башчынын тийиштиги бар болушу мүмкүндүгү айтылат. Журналист Темир Рыскулов менен Сапар Исаковдун бир тууганы Капар Исаков БТА банкта иштээри жөнүндө да сөз кылат.
Журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды Башкы прокуратура териштирип, журналист айткан маалыматтар тастыкталбады деген билдирүү тараткан. Анда Сапар Исаков менен Темир Рыскулов эч качан бирге окубаганы, демек, классташ эместиги айтылат. Ал эми өкмөт башчынын бир тууганы Капар Исаков БТА банктын башкармалыгынын төрагасынын кеӊешчиси катары Сапар Исаков премьерликке келгенге чейин иштеген деп белгиленген. Ал эми сөз болуп жаткан коттедждер шаарчасы Исаков өкмөт башына келгенден кийин сатылган.
Сапар Исаков мурунку өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков, мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев сындуу кадыр-баркыма доо келтирди деп журналистти сотко берүүгө ашыкпады. Убагында КСДП партиясы, Жогорку Кеӊештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Дастан Бекешев да ЖМК өкүлдөрүн сотко берип утуп алышты. Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттүк гезитти сотко берерин жарыялады. Сапар Исаков жогорудагылардын баарынан айырмаланып сотко кайрылган жок. Бирок бул, тилекке каршы, чуулгандуу иш тууралуу иликтөө жасаган журналистке басым жасалган жок деген кубанычтуу кабар эмес. Алкановага банк аркылуу басым жасалып жатат. Мыйзамга ылайык, банктык сыр - кардар тарабынан банкка берилген же банк тарабынан түзүлгөн, же банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башка түрдө келип чыккан бардык маалыматтар. Ал эми банктын жетекчилигиндеги адамдардын аты-жөнү, алардын өмүр таржымалы коомчулукка ачык эле маалымат. Айтор, Алкановага коюлуп жаткан айыптар коомчулукту тегиз ынандыра алган жок. Бул окуяга чет элдик уюмдар да кабатырлануусун билдирүүдө. Өткөн аптада Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети сөз эркиндигин эскертип, Кыргыз өкмөтүн Алкановага коюлган айыптан баш тартууга чакырды.
Ошондой эле 21-февралда журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы апасы Райла Идинова сотторго кайрылуу жасап, аларды үйүн тартып албоого чакырды. “Бул үйдө баламдын кымындай эмгеги жок, абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Абышкам экөөбүз теӊ мамлекетке кызмат кылдык, карыганда көчөдө калтырбагыла”, - дейт ал. 2017-жылы “Заноза” сайты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аброюн коргоо боюнча Башкы прокуратуранын арызынын негизинде күнөөлүү деп табылып, жалпы 27 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Мунун 9 миллионун Нарын Айып төлөөгө тийиш. Доогер тарап айыпты өндүрүү үчүн Нарын Айыптын Бишкекте жашап жаткан үйүн сатыкка чыгарууну соттон өтүнүп, үйү камакка алынган. Бийликти сындаган ЖМК өкүлдөрүнө басым уланууда...
Интернеттеги социалдык тармактарда, жарандардын телефондоруна "Кыргыз өлкөсүнүн бардык шаарларында, дүкөндөрдө, автобус, маршруткада, көчөдө кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарабыз жана сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз”- деген маанидеги кыска билдирүү тарап жаткан. Орус же башка тилде кайрылган жарандарга өлкөдө кыргыз тилинде жооп берүүгө, кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбеген жайларда соода кылбай коюуга чакырган мына ушул билдирүүнү УКМК териштирүүгө киришти.
Билдирүүнүн автору катары төкмө акын Жеӊишбек Жумакадыр айтылып жаткан. Бүгүн ал super.kg порталына социалдык тармактагы топтордун биринен келген билдирүүнү эле жеке баракчасынан бөлүшкөнүн, өзү автор эместигин айтты. Ошондой эле төкмө акын эне тилибизге, мамлекеттик тилдин өлкөдөгү аргасыз абалына арнап узун санат ырын жарыялады.
Мамлекеттик тил - өлкөнүн улуттук коопсуздугунун бир маанилүү тармагы. УКМК мамлекеттик тилге жан тарткандардын артынан түшпөй, тескерисинче, мамлекеттик тилди өнүктүрүүчү, жайылтуучу, анын коопсуздугун сактоочу орган болууга тийиш эле.
Өлкөдө мамлекеттик тил өзүнүн статусуна ылайык абалда болсо карапайым калк тарабынан аны коргоого муктаждык жаралмак эмес. Мамлекеттик тилде сүйлөгөн өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түзгөн карапайым калк өз тилинде мамлекеттик тейлөөлөрдү ала албагандыктан, жумушка орношууда кыйынчылыктар жаралганынан мына ушундай жолго барууда. Жогорудагы чакырык - өлкөдө мамлекеттик тил реалдуу түрдө бул статуста эместигинин белгиси. Москвада же Лондондо, ошол эле Нью-Йоркто элдин мамлекеттик тилде гана сүйлөшөлү деп чакырык таштаганын элестетүү кыйын. Ал эми кыргыздар Кыргыз жеринде кыргызча сүйлөшүүгө муктаж болууда.
Саясатчы Феликс Кулов жогорудагыдай акциялар менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү мүмкүн эмес дейт. Ал биринчи кезекте мамлекеттик терминологияны жолго салуу керектигин айтат. Атүгүл өлкөнүн Конституциясы алгач расмий тилде жазылып, анан мамлекеттик тилге которулганы, болгондо да аны кыргызчага которууда одоно каталар кеткенин эске салды.
Кыргыз жарандары Орусияга барып иштөө үчүн милдеттүү түрдө орус тилинен сынак тапшырышы керек. Бул талап ишке киргенде коомчулук ашыкча сын же талкуусу жок эле кабыл алган. Европага же АКШга окуганы, иштегени бара жаткан жаран сөзсүз түрдө англис тилин үйрөнөт. Жашап жаткан, жашай турган өлкөнү, анын жарандарын, маданиятын, тилин сыйлоо кадимки көрүнүш. УКМК кыргызстандыктардын кыргызча сүйлөшүүгө болгон аракетинен улуттун коопсуздугуна кандай коркунуч көрүүдө? Балким, кылдат мамилени талап кылган улуттар аралык жек көрүүнү козуткусу келгендер таратып жатышкандыр. УКМК маселени ириде ушул тарабынан карары анык...
Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянова кесиптештери менен коштошуп, сөз сүйлөдү. Сот, көзөмөл, укук коргоо органдарын сындаган депутат: "Бүгүнкү күндө Башкы прокуратура, сот жана УКМК өз алдынча эмес, биригип алып иш жүргүзүүдө. Сот системи менен прокуратура биригип, саясий бандитизмге айланды", - деди. Мандаттан ажыраганы турган депутат өзүн саясий тирештин курмандыгы атады.
2016-жылы Башкы прокуратура Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин ачкан. Депутат юстиция министри кезинде издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан деп айыпталды. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү 7-февралда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Өкүм соттолуучунун учурда 3 жаштагы кызы 14 жашка чыкканда күчүнө кирет.
Мыйзамга ылайык, шаардык соттун чечиминен кийин Салянова депутаттык мандаттан ажыратылат. Аны мандаттан ажыратуу маселеси БШКда каралары күтүлүүдө.
Салянованын окуясына окшош эле иш боюнча биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин жоопкерчиликке тартылбай жатышы талкуу жаратууда. Жакында парламенттин Эл аралык иштер комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыкка каралган 30 миң долларды ыйгарып алууга шектелип кармалды. Жогорку Кеӊештин бюджетинен бул 30 миӊ долларды алуу үчүн спикерге жиберилген катка аталган комитеттин ал кездеги төрагасы Аскарбек Шадиев кол койгон. Шадиев документке билбестен кол коюп алганын айтып жатат. 5 жылга соттолгон Салянова дагы Елисеевдин лицензиясын узартууда ал кездеги орун басары Жылдыз Мамбеталиева даярдап келген кагазга мыйзам чегинде кол койгонун айтып, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жүргөн. Бул окуядагы негизги жагдай, өлкөдөгү бийликке көз карандысыз юристтер бир ооздон лицензияны узартууда мыйзам бузулбаганын билдирип келишет.
Шадиев 2012-жылы энергетика министри болуп турганда Казакстандан алынып келген уулуу көмүр окуясына да айыпталып жоопкерчилик тарткан эмес. Өлкөдө мыйзам баарына бирдей иштебей жатканын буга окшогон көп иштер айтып турат...