Сот "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратып, Рябушкинге 27 миллион сом төлөөгө милдеттендирди

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурдагы ээси Александр Кимди шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратты. Мындай чечим ишти карап жаткан Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту тарабынан 20-февралда кабыл алынды. Соттун чечимине ылайык, Ким белгиленген 6 жылдык жаза мөөнөтүнүн 2 жылын сыноо мөөнөтү катары өтөйт. Ошондой эле судья Санжар Чотонов айыпталуучунун ден соолугун, анын мүнөзүн жана сыйлыктарын эске алып, доогер Александр Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүп берүүнү чечти.

Айыпталуучунун жактоочусу соттун чечимине каршы экенин билдирип, жогорку инстанциядагы сотко кайрыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Александр Кимге басмакананын учурдагы ээси Александр Рябушкиндин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде андан 27 миллион сом талап кылган. Ал эми айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан