Жогорку Кеӊештин 22-февралдагы жыйынында депутаттар өкмөткө аймактардын көйгөйлөрүн айтууда. Депутат Улукбек Ормонов Өзгөн районундагы 2 айылдын муктаждыгын эскертти.
"2018-жылдын "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланышы менен жакшы иштер башталды. Президент аймактык сапарларын шарты оор Жумгал менен Баткен аймактарынан баштаганы жакшы. Буга чейин Өзгөндүн Кеӊеш айылына бала бакча курууну жергиликтүү кеӊештин депутаттары сунуштап чыгышкан. Бирок быйылкы тизмеге кирбей калыптыр, өкмөт карап, чечип берсе. Ошондой эле Өзгөндүн Шоро-Башат айылында аймактык оорукана бар эле, азыр кароосуз калган. Быйылкы жылы ошол оорукананы да ишке киргизүү маселесин карап берүүӊүздөрдү өтүнөм", - деди Ормонов.
Айылдарда мектептерди оӊдоо, жаӊылап куруу маселесин башка депутаттар да көтөрүштү.