Новиков: "Эксперттердин айтымы боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 38 пайыз"

Экономика министри Артём Новиков көмүскө экономиканын деңгээлин байкоого анализ жүргүзүү үчүн 2018-жылы эл аралык компанияларды тартуу пландалып жатканын айтты. Министр бул тууралуу бүгүн, 22-февралда өкмөттүк жыйында билдирди.

"Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча көмүскө экономиканын көлөмү 23,3 пайызды түзөт. Бирок эксперттер андан алда канча жогору көрсөткүчтү айтып, көмүскө экономика 38 пайызга барабар деп жатат. Экономика министрлиги бул көрсөткүчтөрдүн чыныгы көлөмүн аныктап, аны төмөндөтүү чараларын көрүшү керек. Биз анын көлөмүн азайтуу чараларына барабыз. Жогорку Кеңеште лицензия, уруксат берүү боюнча салык процедураларын өзгөртүү боюнча мыйзам каралууда. Ага ылайык, бардык процедуралар электрондук тартипке өтөт. Аны менен катар эле Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлгөн 23 кызмат көрсөтүү да электрондук тартипте жүргүзүлөт. Бул максималдуу ачык экономиканы, ишкерлерге болгон тоскоолдуктардын алынышын камсыз кылат", - деди Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан