Казакстандын ИИМи: "Дамирбек Асылбек уулунун улуту казак"

Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту да, жарандыгы да казак. Ал Жамбыл облусунун Кордай районунда төрөлгөн. Бул тууралуу Казакстандын ИИМинин мамлекеттик тил жана маалымат боюнча департаментинин директору Алмас Садубаевге таянып, "Казинформ" маалымат агенттиги билдирди.

"Жашы жеткенде ага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн негизинде Казакстандын паспорту тапшырылган. 2010-жылы документинин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ага кайра Казакстандын документи берилген. Казакстандын жарандыгынан чыгуу боюнча өтүнүч менен тиешелүү органдарга кайрылган эмес. Учурда бул факт боюнча кызматтык текшерүү жүрүп жатат", - деди Садубаев.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
kadyr
2018-02-24 00:38:16
Алмазбек Шаршенович коррупция менен жакшы курошкон экенсиз чоон Рахмат
+4
Povetkin
2018-02-24 01:11:24
Эээ туфи дей турган эле окмот бул!
+3
tyka
2018-02-24 02:12:28
Депутаттарды эле жамандагандын ордуна Эл ар Бир жаран шайлоодо ойлонуш кк сатылбай
+3
anonymous
2018-02-24 02:29:45
Илгери 500 койду 1 чабан өзү эле кайтарып бакчу эле. Азыр 120 койду баардык кыргыздар башкара албай атат
+4
falkao
2018-02-24 04:12:00
Кыргызстанда бир мандатту шайлоого гана отуу керек. Шайлоочу билет корот тааныйт кимди шайлап жатканын. Партиялык состав деп бут эшектер толуп алды. СДПКга АША торага болуп эмки ЖКга отсо. Шоопур, кароолчу, короочу, кошуна, баласынын досун, аялынын шоопурун чогултуп келет депутат кылып. Ошондо анык каша башталат.
+5
Makain
2018-02-24 07:56:14
Биздин чондор шалаакы казактар келип акуйго кирип разведка жургузуп журсо керек. Суранат элем баардык депутаттарды текшеруу керек срочно
+2
janjigit
2018-02-24 08:04:45
Эми бул казак мамлекеттик сырларды сатпайбы?озунун кара жанын ойлоп.мына ушул жагы чатак болуп турат
+1
farsaj50
2018-02-24 08:27:01
Мына коррупция
+1
Dastanke2014
2018-02-24 08:59:01
Кыргыз эли акчан болсо кулун болоюн деп калдык го башка олколорго.
+2
Jelezo
2018-02-24 14:01:51
Улутун сатып жибергени туура болбоптур.СНБ текшербейби текшерет билет бирок Атасы тийишбе деп койот
+1
urmat-77
2018-02-24 19:08:35
Казактар тактап биринчи жарандыгын эле айтышты эле.Биздин койлор дагы актай бергенинен улутун айтты 120койго эми жеткендир арасында ким жүргөнү.Дагы түшүнүшпөсө Кыргызстандын бир эки секретный документерин көрсөтөт.Бирок биздин койлор түшүнбөйт.
+1
asyl85
2018-02-24 19:57:03
Баткендеги паспорт столду текшериш керек тажиктер бут кыргыз паспорт алып алышкан Баткенден
+3
Targarien
2018-02-25 04:10:10
Бул чала казактын дароо мандатын алынсын Болбосо бутундой парламент таркасын Биздин бийликтегилер баары саткындар башына кун тушсо чет олкого качып кетет ушундай же россиянын же казакстандын жарандыгын алып журот Кой терисин жамынган шакалдар
+1
Akyl78.1501
2018-02-25 10:19:11
Кыргызстан жиндикана болуп калды
0
maks83
2018-02-25 12:43:31
биздин жепжутаттар качан депутат болосунар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан