Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Кыргыз Республикасы кыргыз-түрк мамилесинин мындан ары өнүгүүсүнө жана кең болуусуна чоң маани берет. Учурдан пайдаланып, сизге ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтер болушун, ал эми түрк элине тынчтык жана гүлдөп өсүүнү каалайм", - деп жазылат Кыргыз өлкөсүнүн президенти жолдогон телеграммада.

Маалымат үчүн: Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда туулган. Ал бүгүн 64 жашка чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан