Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүнүн 47\1 үйүнүн жашоочусу "үйүбүздүн жер төлөсүндө жашаган УКМКнын кызматкерлери менен пикир келишпестиктер көп болуп жатат" деген билдирүүсүн SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.
Анын айтымында, ал жашаган 5 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө УКМКнын кызматкерлери жашайт. Бирок алар үйдүн канализациясын тазалоого жана ар кандай оңдоо иштерине башка тургундардай болуп акча чогултуп беришпейт.
"Биз жашаган үй мурун жүндөн кездеме токуучу комбинатынын жатаканасы болчу. Кийин менчиктештирилген. 2005-2006-жылдары үйдүн жер төлөсүн бирөө сатып алган. Жер төлөдө азыр 20га чукул бөлмө бар. Баарында адамдар жашайт. Биздин угушубузча, алар УКМКнын кызматкерлери. Электр энергиясы, канализация беш кабатка эле ылайыкташкан. Газ жок болгондугуна байланыштуу баарыбыз электр энергиясын колдонобуз. Ошондон улам электр мамычалары байма-бай жарактан чыгат. Канализация да бат-баттан толот. Аны тазалоо үчүн жашоочулар 4000 сомдон чогултабыз. Жер төлөдө жашагандар 1 сом да беришпейт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.