Бүгүн, 22-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн аймактарындагы 25 мектепке спутниктик интернетке туташуу үчүн Starlink жабдууларын тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилди. Долбоор алыскы аймактардагы мектептерди жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого жана санариптик теңсиздикти кыскартууга багытталган.
Улан Маматканов белгилегендей, негизги максат - окуучулардын жашаган жерине карабастан, заманбап билим берүү ресурстарына жетүүсүнө шарт түзүү.