Биз социалдык тармакта

Алтын топ: Ямаль жеңишке жетсе, жакындары менен Парижде майрамдайт

"Барселонанын" чабуулчусу Ламин Ямаль “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземине катышуу үчүн жеке учак ижарага алды. Аны менен бирге сапарга футболчунун үй-бүлөсү жана жакындары чыгат.

Испаниялык журналист Виктор Наварронун маалыматына караганда, эгер Ямаль сыйлыкты жеңип алса, Парижде анын жакындарынын катышуусунда чоң майрамдык кече уюштуруу пландалууда.

Ал эми "Барселонанын" өкүлдөрү Парижге башка жеке учак менен барышат.

Белгилей кетсек, быйыл "Алтын топ" сыйлыгын тапшыруу аземи 26-октябрда Лондондогу London Palladium театрында өтөт. Бул сыйлык 1956-жылдан бери тапшырылып келет жана быйыл анын 70 жылдыгы белгиленет.

Ламин Ямаль эркектер арасындагы "Алтын топ" сыйлыгынын талапкерлеринин тизмесине кирген. Ал 2025-жылы Копа кубогун жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан