Бир нече маалымат булагына тарап, учурда кызуу талкууга алынып жатканына карабай президенттик пресс кызмат "мындай ушактарга комментарий бербейбиз" деген макала Knews.kg маалымат булагынан алынып, өзгөртүүсүз, кыргызчага которулуп берилди.
«Телеграф» сайтында жарыяланган макала учурда соцтармактарда жана WhatsApp'та активдүү таратылып жатат. Анда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынындагы сөздөрүнүн мотивдери жана себеби ачыкталууда. Автор ишенимдүү түрдө “бул сөздөр Бакиевдер режимине окшош учурдун кайрадан кайтып келишинен кабар берет” дейт. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун ортосунда Раим Матраимовдун кызматтан бошотулуусуна байланыштуу ажырым орун алгандыгы айтылат.
Төмөндө текстти толук бойдон келтиребиз:
«Журналист Вадим Ночевкиндин «Дело №» гезитиндеги С.Жээнбековдун катуу айтылган кебинин тегерегиндеги кырдаал сабаттуу деңгээлде баяндалган «Штабдарга өрт» макаласын окуп чыгып, айрым пункттарды тактай кетүүнү чечтим. Мамлекеттик түзүмдөрдүн биринде иштеген жана бийликтин жогорку коридорлорунун ашканасын жакшы билген адам катары Сокенин күч түзүмдөрүнө каршы кескин ойлорунун чыныгы себептери жана мотивдерин айткым келет. Алар биздин саясат үчүн баналдуу көрүнсө да, түпкү маңызы коркунучтуу. Сокенин кебин саясий системди трансформациялоонун башталышы же Бакиевдердин режимин калыбына келтирүү аракети катары бааласак болот. Алдыда ушундай коркунуч турат. Эми баардыгын ирети менен.
Көпчүлүк Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги кебине эмне негиз болгондугуна кызыгууда. Бири президентти өлкөдөгү коррупциянын такыр эле чектен чыгып кеткени тажатты, ошондуктан ал чечкиндүү аракетке өттү дешет. Башкалар Атамбаевдин кадрларын “тазалоо”, күч түзүмдөрүндөгү «майлуу жерлер» үчүн күрөш башталды деп эсептейт. Бирок кептин төркүнү биз ойлогондон да тереңирээк жана байкалбай тургандай болуп, түп максаты өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык режимди орнотуу да болушу мүмкүн.
2017-жылдын 23-ноябрында жаңы президенттин инаугурациясынын алдында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимов иштен бошотулду. Ал Сокенин учурунда “кол тийгис” макамга ээ болушу керек эле. Дал ушул жагдай күч түзүмдөрүнө жана прокуратурага кескин сындардын катализатору болуп эсептелет. “Раим-миллионго” карата мындай өзгөчө мамиленин тереңинде Матраимов жана анын чет жердик өнөктөштөрү Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясына миллиондогон долларлык салымдарды сарптаганынан улам келип чыгууда. Жаңы шайланган президенттин жакын чөйрөсү 30 миллион доллардан ашуун сумма тууралуу кеп кылышууда. Ошондуктан бул демөөрчүлөр өз «инвестициялары» үчүн жеңилдиктерди алууну күтүшкөн. Бирок алардын үмүттөрүнө күтүүсүз суу себилип, Раим дискредитацияланып жумуштан четтелди.
Сокенин адамдары да муну белден төмөн сокку катары кабылдады, анткени “Раим-миллион” президенттин айрым жакын адамдары менен бизнес боюнча да, туугандык жайы боюнча да тыгыз байланышта. Алар “Раим-миллиондун” кызматтан алынышы Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаевдин колунан келген иш экендигин дароо түшүнүшкөн. Билгендердин маалыматына таянсак, Сокенин чөйрөсү адашкан эмес. Чындыгында, Атамбаев Матраимовду иштен кетирүү тууралуу чечимге таасир берген, анткени, бул бажы кызматкеринин аты менен көптөгөн күмөндүү иштердин байланышы бар. Бул Атамбаевдин президенттик кызматтагы акыркы кадрдык чечими болгон.
“Раим-миллион” мүмкүн болгон бардык чектерден чыгып кеткен. Өзүнүн ынтаалуу эсепчилдиги менен Раим жана анын адамдары Ош облусундагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын аз жерден дискредитациялап коё жаздашкан. Ушул жылдын январь айындагы Мамлекеттик бажы кызматынын иш жыйынтыгынын статистикалык маалыматы көрсөткөндөй, Раим тымызын жетекчилик кылган командасы дээрлик ар күнү миллионго жакын долларларды “сындырып” турган. Ошондуктан кетип жаткан президент өлкөнү казынага ачык кол салганы аз келгенсип, саясий талаада кооптуу боло баштаган адамдан арылтууну чечкен.
Соке мындай абалды кадимкидей кабыл алуусу керек эле, анткени бул (Раимдин кызматтан алынышы) президенттик шайлоо алдындагы кампанияда жарыялаган убадаларына туура келет. Бирок убада берүүчүнүн стратегиялык максаты башка болсо, убада куру сөз бойдон калат. Көрсө, Соке жана анын жакын чөйрөсү Сокенин губернатор кезинен бери, андан соң, премьерлиги учурунда "Раим-миллион" тарабынан сатылып алынган тура. Ошондуктан коопсуздук кеңешиндеги Сокенин сөзү Ночевкин өз макаласында даана атагандай, «штабдарга өрт» болуп саналат. Ал өрт Атамбаев тарабынан көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнүн бардык жетекчилерине багытталган. Коопсуздук кеңеши тийиштүү көрсөтмө алып, эл болсо Жээнбековдун «адилеттүү каарын» көрдү, бирок катуу айтылган кептен башка натыйжасын көргөн жок. Анткени өлкөнү Жээнбековдордун ага-инилери жана "Раим-миллион" бийлеши үчүн алгач алар үчүн ыңгайлуу күч түзүм өкүлдөрүн жана «өз» өкмөтүн дайындоосу керек. Ал үчүн өз алдына бардык күч түзүмдөрүн, прокуратураны алып, өз адамдарын коюп, колго репрессивдүү – жазалоочу аппаратты алуусу жана өлкөдө өзүм билемдик орнотушу керек.
Соке өзүнүн популисттик кеби менен карапайым калкка жана оппозицияга жакты. Карапайым калкка анын чыныгы себептери белгисиз болсо, ал эми оппозициянын кызыкчылыгына дал келди. Бирок «менин душманымдын душманы – менин досум» принциби ар дайым эле иштей бербейт. Тактап айтсак, мындай кызыкчылыкта бириккен союздаштар бат эле ар тарапка качып, бирин-бири шыбай баштайт. Мындай учурда оппозиция катуу тобокелчиликке барып, Бакиев учурундагыдай эле жыртык тепши менен калат. Атамбаевдин каршылаштары кескин сындын чыныгы мотивдерин түшүнбөй туруп, бирок тактикалык жактан президенттин колу аркылуу талааны «атамбаевчилерден тазалоону» каалашат. Алардын оюнда, Сокеден Атамбаев баш тартканда алсыз президент жеңил олжого айланат. Бирок мындай болбойт. Соке жана анын чөйрөсүнө азыр коомдук колдоо жана Атамбаевдин бүткүл мурастарын, анын ичинде толук кандуу парламенттик башкаруу формасына өтүүгө болгон атамбаевдик умтулууну дискредитациялоо керек. Ошондуктан кандай гана болбосун Бакиевдердин режимин Жээнбековдордун башкаруусу түрүндө калыбына келтирүүгө реалдуу коркунуч жараткан Атамбаевдин таасирин төмөндөтүү керек.
Атамбаевден соң, оппозициянын кезеги келип жетет, аларга Сокени жана анын үй-бүлөлүк башкаруусун же катуу куугунтукту тандоо укугу берилет. Болжол менен айтканда, Бакиевдер учурундагыдай эле. Бирок Бакиевдердин туугандары жана Максимдин ордуна “Раим-Миллион” жана Жээнбековдордун бир туугандары келет. Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков эмитен эле парламенттеги фракцияларды өз алдына чогултууда, парламентти өзүнүн көрүнбөс көзөмөлүнө алууга, андан соң Сапар Исаков баштаган учурдагы Өкмөттү отставкага кетирип, кол астындагы министрлер кабинетин түзүүгө умтулууда.
Сокенин жакын чөйрөсү 2020-жылга карата президенттик башкаруу формасын орнотууга жана президенттин өз кызматында туруусу жөнүндө беренени өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү Конституциялык түзөтүүлөрдү киргизүүгө даярданып жатат деген маалыматтар бар. Азыр бир эле адам бир гана мөөнөткө шайлана алат, бул норма иштеп чыгуучуларды канааттандырбайт. Ошондуктан азыр Соке жана анын жакын чөйрөсүнө Раим сыяктуу адамдар керектелет, алар ишенимдүү гана болбостон, бажыда жана башка киреше берүүчү мамлекеттик башка органдарда «көмүскө схемаларды» кайрадан жаратып, саясаттагы айрым аракеттерди каржылоону камсыздашат.
Соке бийлик, акча, үй-бүлө же демократиялык реформаларды улантуу боюнча тандоо алдында турган. Соке Бакиевдердин жолуна ыктады өңдөнөт. Эгерде анын чөйрөсү жашыруун ниеттерин чүмбөттөйбүз деп ойлосо, терең жаңылышат. Кыргызстан чоң айылдай эле, өлкөдө имиштер интернетке салыштырмалуу тезирээк таркайт. Биздин өлкөдө жашыруун нерселердин баары дайын болот. Ошондуктан кутумдардын бардыгында маалыматтын коомчулукка жайылып кетүү тобокелдиги бар. Мындай нерсе көп болот. Ошондой эле бизде ар кандай үй-бүлөлүк режимди кулатуу салтка айланган. Коомубуз азыр өзгөргөн. Адамдар өлкөдө кайрадан үй бүлөлүк-кландык башкаруунун орнотулушуна жол бербейт».
P.S. Knews.kg маалымат булактарында Өмүрбек Бабановго тийиштүү деп айтылып келет.