Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши карала турган соттук отурум 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
"Бүгүн, 27-февралда саат 10:00дө Бишкек шаардык сотунда Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралмак. Бирок соттук жамааттын мүчөлөрүнүн бири жеке иштери менен отурумга келе албай калганына байланыштуу 1-мартка жылдырылды", - дейт жактоочу.
Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.