Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 17-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин арасында А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.

"Тендердик комиссиянын төрагасы Ж.Иманалиев менен А.Шыкмаматов "Би Стар" ишканасынын директору А.Юксель менен алдын ала сүйлөшүп, 5 унааны сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн. Андан кийин 2011-жылы 5-октябрда тендер өттү деген документтер жасалган. Тендерге катышкан деп "Би Стар" менен 4 265 000 сомдук, "Барат Люкс" ишканасы менен 3 368 831 сомдук жасалма келишимдер түзүлөт.

А.Шыкмаматовдо "Барат Люкс" менен келишимдин түзүлүшүнө жеке кызыкчылыгы болгон. Муну менен жубайы Ж.Турдакунованын "Мерседес-Бенц" Е 320 үлгүсүндөгү унаасын 14 637 долларга саткан. Эксперттер 2011-жылы ушул үлгүдөгү унааны баасы 10 миң долларга барабар деп билдиришкен. Кылмыш ишин иликтөө УКМКга жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан