Түркмөнстанда ундун баасы кымбаттап, калк мал жеген жемди жегенге аргасыз болуп жатат. Мындай маалыматты "Азаттыктын" Түркмөнстандагы кызматы Дашогуз облусунда февраль айынын орто ченинде тартылып алынган видеого таянып жазып чыкты. Ал видео "Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн. Видеодон жүк ташыган унаанын чиркегичинин үстүнөн жана анын айланасынан көптөгөн адамдардын кап көтөрүп, өз "шыбагаларын" алып калуу үчүн аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Маалыматта айтылгандай, бул учурда элге улпак таратылып жаткан. Жылдын алгачкы айларында эле Түркмөнстанда ундун баасы 1,5 эсеге өскөн. Башка азык-түлүктөрдүн баасы да 70-100 пайызга кымбаттаганы айтылат.