Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында "Кербен" аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.
“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов токтомдун долбоору боюнча баяндама жасап, оорулууларды Бишкек шаарына алып келүү иштеринен улам Аксы районуна авиакаттамды жандандыруу маселесинин зарылдыгын билдирди.
“350 миң калкы бар бул аймактын элинин дагы көптөгөн кат-кайрылуулары түшкөн. 1979-жылы курулган бул аэропорт, СССР кулагандан кийин ишин токтоткон”, - дейт Эргешов.
Депутат Жанар Акаев элдин кызыкчылыгына багытталган токтом долбоорун колдоого алып, бул авиакаттамдын ачылышына "Авиатрафик" авиакомпаниясы дагы кызыкдар экенин тактады.
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Курманбек Акышев ички рейстерге учактардын жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын, аэробекет комплексине реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.
Жыйынтыгында аталган Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.