Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөттүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселени талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Санжар Муканбетов жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Бактыбек Шамкеев жасайт.
Мындан тышкары жыйынга каржы министри Адылбек Касымалиев чакырылган. Жыйындын күн тартибине 1 маселе коюлган.