Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Райкомол айылындагы үйлөрдү көчкү басып калуу коркунучунда. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыркы учурда айыл эли кооптонуудабыз, беш-алты үйдү көчкү басып калуу коркунучунда. Былтыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү шайлоонун шарапаты менен мониторинг жүргүзүп кетишкен. Президент алмашты, эми жаңы бийлик кабар алабы билбейбиз", - дейт окурман.
Айта кетсек, 28-февралда жарандык коргонуу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын жыйынында өкмөт башчы Сапар Исаков жер көчкү басып калуу коркунучу бар 4 миңден ашуун үй-бүлөнү көчүрүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырган. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, түшүндүрүү иштери, ссудаларды жана жер тилкелерин бөлүп берүү аракеттери жүргүзүлгөнүнө карабастан, алар коркунуч жараткан аймактардан көчпөй жатышат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.